53 жаштагы Кытай жараны кыргыз-өзбек чек арасында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.
Ал «Достук» өткөрүү пункту аркылуу 355 миң доллар накталай акчаны Өзбекстанга алып чыгып кетип жаткан.
УКМК валютаны алып чыгууга чектөө коюлганын белгилейт. Ага ылайык чет өлкөлүк жарандар 5 миң доллардан ашык сумманы алып чыга албайт. Өлкөнүн жарандары жана резиденттер 10 миң долларга чейин гана алып өтө алышат. Белгиленген чектен ашкан учурда 10 % өлчөмүндө төлөм алуу каралган.