ЖК депутатын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

ЖК депутатын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо саат 20:00до аяктады. Аталган район боюнча 127 миң 239 шайлоочунун ичинен 20 миң 169 киши добуш берди.

Учурда автоматтык эсептөөчү үкөктөрдөгү бюллетендердин 100%ы эсептелип, алдын ала жыйынтык боюнча Кубанычбек Самаков эң көп добуш алды. Ага 5 миң 273 шайлоочу добуш берген.

Андан кийин экинчи орунда 3 миң 831 добуш алган Руслан Тагаев турат. Үчүнчү орунда турган Аскар Алмаз уулу 2 миң 630 добуш алган.

Ленин району боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгы бюллетендер колго эсептелгенден кийин жарыяланат.

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Бул шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>