Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Кыз деле эркекти ала качса болобу? «Ак салкын» тасмасы жарыкка чыкты – видео
25.03.2021 | 16:52
24-мартта Бишкектеги “Манас” кинотеатрында 15 жылдан кийин тартылган «Боз салкын» тасмасынын экинчиси «Ак салкындын» бет ачаар аземи болуп өттү. Тасма кыш мезгилинде тартылып, айылдагы элдин жашоосу, миграция, экономикалык абал жана ага сүйүүнү жуурулуштуруп көрүүчүлөргө тартууланды.
Тасма Ысык-Кол облусунун Бөкөнбаев айылында тартылган. Кинонун сценарийинде Москвадан медициналык окуу жайды бүтүп айылга фельдщер болуп келген Асыл аттуу кызды эки дос Токтор, Мырза деген жигиттер сүйүп калат. Американы кыялданган Мырзанын пландары бардыгы тескери болот. Тасмадагы окуя мына ушундай башталат.