Сулайманов: Жаш лидерлер добуш топтоп, жасалма лидерлер парламентке келишет

Сулайманов: Жаш лидерлер добуш топтоп, жасалма лидерлер парламентке келишет

Жогорку Кеңештин 25-мартындагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов партиянын ичиндеги талапкерлерди шайлаганга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштады.

Анда депутат Кенжебек Бокоев мыйзамды колдой турганын, бирок жаш лидерлер добушка ээ боло аларына кызыкты.

«Жаңы келип жаткан жаш жигиттер, кыздар өлкө боюнча добуш ала алышабы? Өздөрү чыккан облустардан добуш алган оңой да. Фамилиясын Кыргыз эли тааный электер өлкө боюнча добуш алуусу кыйын болуп калбайбы?» — деп сурады Бокоев.

Ага Сулайманов добуш алган лидерлер эмес, партияны жетектегендер парламентке келип жатканын айтты.

«Туура, ушундай болуп калышы мүмкүн. Жасалма лидерлер келгенден көрө эл тандаган чыныгы лидерлер чыкса алардын жолу узак болот. Чыныгы лидерлерди эл шайлап алат. Бүгүн социалдык тармактарда жаш лидерлер жүрөт. Бирок тизменин алдына илинбейт. Артында калып добуш топтоп партиянын артында калат. Партиянын алдындагылар келип алышат», — деди Сулайманов.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>