Венчурдук каржылоо. Стартаптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүкпү же тобокелдикпи?Министрлер кабинетинин төрагасы Балыкчыдагы шаардык ооруканага барып, бир катар тапшырмаларды бердиКыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2025-жылы 25 млрд сомго жеттиКытай АКШны Си Цзиньпин менен Трамптын келишимдерин бузду деп айыптадыАлкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсүБишкекте эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды: жеңүүчүлөрдүн ысымдары
Кызыл-Кыяда соодагерлерди 600 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды
26.03.2024 | 17:46
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында аял киши алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, кармалган аял шаардагы Таштемир-Ажы базарындагы соодагерлерден товар алып, “акчасын алып келип берем” деп алдап кеткен деп шектелүүдө. Алдамчылык фактылар быйыл январь-февраль айында болгон.
Аялдын үстүнөн милицияга 8 жаран арыз жазган. Бул факттар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Алданган адамдарга 600 миң сом зыян келтирилген.
Милиция бул ишке шектүү катары Жалал-Абаддын Аксы районунун 34 жаштагы У.М. аттуу тургунун кармады.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.