Моралдык компенсацияны кылмышка жараша төлөтүү сунушталууда

Моралдык компенсацияны кылмышка жараша төлөтүү сунушталууда

Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексине моралдык зыян үчүн кенемтенин өлчөмүнө байланыштүү (71-берененин 2-бөлүгү) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, бүгүн, 27-октябрда коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоору депутат Дастан Бекешев тарабынан даярдалган.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, учурда Кылмыш кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, адам өлтүрүү же денеге залал келтирүү үчүн моралдык зыяндын ордун толтуруунун минималдуу суммасы 5 миң сом, максималдуусу 100 миң сомду түзөт. Ошол эле учурда Жарандык кодексте моралдык зыяндын өлчөмү чектелген эмес. Мындан улам, айрым жагдайларда Жарандык кодекске ылайык, сот тарабынан өндүрүлгөн моралдык зыяндын өлчөмү адам өлтүрүү (Кылмыш кодекси) үчүн өндүрүлгөн кенемтеден көбүрөөк болуп калат.

«Адамдын өмүрүн материалдык түрдө баалоо мүмкүн эмес, анткени ал баа жеткис. Бирок моралдык залалдын ордун толтуруунун өлчөмүн учурдагы чектөө өтө катаал жана адамкерчиликсиз кылмыштын учурунда да адамдын өмүрүн жана анын жакындарынын адептик азаптарын максимум 100 миң сом деп баалап жатат. Ушундан улам чектөөнү алып салуу жана моралдык компенсациянын суммасын моралдык жана денебойго келтирилген залалдын, ошондой эле келтирилген адептик азаптын оордугуна жараша дайындоо талап кылынат», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Маселен, былтыр 5-апрелде уурдалып, андан кийин киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын иши боюнча беш айыпталуучу эркиндигинен ажыратылып, андан тышкары алар жабырлануучу тарапка 100 миң сом төлөөгө милдеттендирилген. Ошондо ар бир айыпталуучу 20 миң сомдон төлөп бере турган болгон.

«Сот белгилеген акчалай компенсациянын суммасы болор-болбос болгону аз келгенсип, өзгөчө жасалган кылмыштардын мүнөзүн жана оордугун, ошондой эле келтирилген моралдык азапты эске алып, бул сумма кылмыш-жаза ишинин бардык фигуранттарынын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Күнөөлүү беш адамдын ар бирин 100 миң сомдон төлөөгө милдеттендирүүнүн ордуна сот бул сумманы кылмышкерлердин ортосунда бөлгөн жана аларды 20 миң сомдон төлөөгө милдеттендирген. Бул иш резонанстуу болуп саналгандан тышкары, кылмыш-жаза жактан жазалануучу жосун тарабынан келтирилген моралдык залалдын ордун толтуруу боюнча укук колдонуу практикасы менен байланышкан кырдаалды көрсөтүп турат», — деп айтылат документте.

Аталган жагдайларга байланыштуу мыйзам долбоорунда, моралдык, физикалык зыяндын оордугуна жараша сотторго кенемтенин өлчөмүн аныктоого мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда.

Айзаданын өлүмү: Соттолуучулар 20 миң сомдон кенемте төлөшөт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>