Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси кайра көтөрүлдү

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси кайра көтөрүлдү

Садыр Жапаровдун  Балыкчы шаарындагы жолугушусунда облус аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кен жайын иштетүү планы боюнча да талкуу жүрүп, ага байланыштуу суроолорго президент өзү жооп берген.

Белгилей кетсек, Кызыл-Омпол — уран кени. Аны иштетүү демилгеси 2019-жылы көтөрүлүп, уранды казып алууга каршы Ысык-Көлдө жана Бишкекте нараазычылык акциялары өткөн.

Кенде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 2010-жылы UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы лицензия алып, анын мөөнөтү 2021-жылы аяктаган.

2019-жылы Кыргызстандын аймагында уран казып алууга тыюу салган мыйзам дагы кабыл алынган.

Эксперт: Уран – өтө зыяндуу зат. Андан адам эле эмес, экология да бузулат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>