Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Ленин райондук салык органынын башчысы эмне себептен кызматтан алынганы айтылды
23.09.2020 | 16:41
Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысы ишенимин жоготконуна байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.
Кызматтан бошотууга анын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 2018-жылы Кыргызстандын жарандарына мыйзамсыз патент берүү фактысы боюнча кармалышы себеп болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом