Маданият министрлиги кинотеатрларды ачууга уруксат сурап жатат

Маданият министрлиги кинотеатрларды ачууга уруксат сурап жатат

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков республиканын кинотеатрларынын ишин калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө өкмөттүн аппаратына кат жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, кинотеатрлардын иши 2020-жылдын 17-мартынан бери токтотулуп, бул ири каржылык жоготууларга алып келген.

«Ошол эле учурда кинотеатрлардын коммуналдык кызматтар, карантин мезгилинде кызматкерлерге жарым-жартылай эмгек акыларын төлөө үчүн ири төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери кинотеатрлардын 1 миңге жакын кызматкерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынгандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнө элек, бул алардын үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалына таасир этет. Узак убакытка созулган айлыгы токтоп калган жумушчуларды башка жумуш издөөгө мажбурлап, квалификациялуу кинематографисттерден айрылып жатат. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү болгон кинотасмаларды ижарага алуу жана кинотасма билеттерин сатуудан каражат чогултуу боюнча келишимдик милдеттенмелер бар”, — деп айтылат билдирүүдө.

2019-жылы республиканын кинотеатрлары 100 миллион сом суммасында бюджеттин ордун толтурушкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>