Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Махмудов Алматыдагы PWL-8 мелдешинде жеңишке жетти (видео)
25.02.2025 | 22:57
Кыргызстандын грек-рим балбаны Акжол Махмудов Казакстандын Алматы шаарындагы Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинде жеңүүчү болду.
Махмудов 77 кг салмакта күрөштү. Анын атаандашы франциялык Ибрагим Ганем болду.
Акжол Махмудов франциялык балбанды 6:1 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, Махмудов PWL мелдешинде экинчи жеңишине жетип жатат. Буга чейин ал 2023-жылы апрелде россиялык балбан Роман Власов менен күрөшүп, жеңүүчү болгон.
Professional Wrestling League уюму 2022-жылы Россияда Poddubny Wrestling League деген ат менен түзүлгөн. Былтыр атын өзгөрткөн. Бул мелдеште балбандар бир беттеш өткөрүп, жеңүүчү аныкталат.
Бул уюм түзүлгөндөн бери 7 жолу мелдеш уюштурулуп, алардын бири Бишкекте өткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт