Камчыбек Ташиев блогер «Толик Кыргызга» калпак кийгизди (видео)

Камчыбек Ташиев блогер «Толик Кыргызга» калпак кийгизди (видео)

Бүгүн, 17-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Толик Кыргыз» деген ат менен таанымал блогер Анатолий Разгоняев менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жолушууда Камчыбек Ташиев Анатолий Разгоняевдин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору бааларын белгилеп, патриоттук духта блогердик ишмердигин улантылышы керектигин айткан.

«Көп улуттуу Кыргызстандын ар бир жараны, кайсыл улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүсү керектигин, бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болорун кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Камчыбек Ташиев блогер Разгоняевге белек катары колуна камчы карматып, башына ак калпак кийгизген.

Эскерте кетсек, Анатолий Разгоняев TikTok’то кыргыз тилинде тарткан виделору менен таанымал. Ал Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуу тууралуу өз каналында айтып берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>