Махмудов, Шаршенбеков жана Жузупбеков Олимп оюндарына жолдомо утту

Махмудов, Шаршенбеков жана Жузупбеков Олимп оюндарына жолдомо утту

Бүгүн, 9-апрелде Казакстандын Алматы шаарында Токиодо орун алуучу жайкы Олимп оюндарынын лицензиялык турнири өтүүдө.

Анда күрөштүн грек-рим түрү боюнча кыргызстандык 3 балбан Олимп оюндарына жолдомо утушту.

Мелдеште финалга чыккан балбандар Японияда орун алуучу ири турнирге жолдомо утат.

60 килограмм салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков жарым финалда индиялык балбанды 6:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

77 килограмм салмакта Акжол Махмудов ½ баскычта индиялык балбанды 8:1 эсебинде жеңди. Эми ал алтын байге үчүн күрөшөт.

Ошондой эле 97 салмакта  Үзүр Жузупбеков мелдештин жарым финалда түштүк кореялык балбанды 6:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Белгилей кетсек, үч балбан тең Олимп оюндарына алгачкы ирет жолдомо утуп отурат.

Буга чейин, балбандар Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүктөр Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая жана суучул Денис Петрашов Токио Олимп оюндарына жолдомо уткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>