Садыр Жапаров Дубайга барат

Садыр Жапаров Дубайга барат

Президент Садыр Жапаров 12-13-февралда Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуу үчүн Дубай шаарына (БАЭ) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жапаров Дубайга БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен барат.

«Быйылкы саммит өкмөттүн ишин өзгөртүү, жасалма интеллект жана жаңы багыттар, келечектеги өнүгүүнү жана экономиканы кайра карап чыгуу, келечек коом жана билим берүү, туруктуу өнүгүү жана жаңы глобалдык жылыштар, урбанизация жана глобалдык саламаттыкты сактоо приоритеттери сыяктуу темаларда «Келечектеги өкмөттөрдү түзүү» деген аталышта өтөт.

Президент Садыр Жапаровдун Саммиттин пленардык сессиясында чыгып сөз сүйлөшү, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда», — дейт Азымбакиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>