Максат айылында турак үйлөрдун курулушуна капсула салынды

Максат айылында турак үйлөрдун курулушуна капсула салынды

Чек арадагы Максат айылында турак үйлөрдун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт өкүлү Абдикарим Алимбаев жана президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү  Мамыржан Рахимов  Лейлек районунун Максат айылында жаңы турак үйлөрдүн курулушуна капсула салышкан.

Жетекчилер курулуш компаниясынын өкулдөрүнө, курулуш иштерин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшыруу менен, аймакта калыбына келтирүү, курулушту жүргүзүү жаатында уюштуруу иштерине, жергиликтүү бийлик тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөөрүн билдиришкен.

Белгилей кетсек, Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Максат айылында 1200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>