Кыргызстанда 2026-жылы 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү — аймактар боюнча маалыматБишкекте тез жардам унаасы менен Subaru кагылышты, жабыркаган адам барВьетнам Кыргызстанга жаңы элчисин дайындады«Манас» аэропортунда расмий такси кызматтары гана иштей алатОшто унаа жолдорунун жээгине мыйзамсыз курулган 25 объект аныкталдыЕБге кирүү Түркия үчүн мындан ары артыкчылыктуу максат эмес — Эрдоган
Палестина жана Израилдеги абал боюнча Коопсуздук Кеңештин жыйынын өткөрүү сунушталды
13.05.2021 | 11:58
Израиль менен Палестинанын ортосундагы чыңалууну басаңдатуу үчүн Кытай, Норвегия жана Тунис жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү сунушташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Сунушталган ачык жолугушуу Израиль жана Палестинанын катышуусунда өтөрү айтылат.
Маалыматка таянсак, ушул жумада БУУнун Коопсуздук Кеңеши виртуалдык форматта эки жолу жабык жыйын өткөргөн. Ал эми Палестина жана Израилдеги жаңжал боюнча билдирүүнү Коопсуздук Кеңешине кабыл алууга АКШ гана тоскоол болуп жатканы жазылат.
Израиль менен Палестинанын Газа секторунда абал 10-май күнү кечинде курчуп кеткен. Учурда эки өлкө бир-бирине тынбай абадан сокку уруп жатат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар