«Президент сизди эмнеге койду?!». Депутат министр Бейшеналиевди катуу сындады (видео)

«Президент сизди эмнеге койду?!». Депутат министр Бейшеналиевди катуу сындады (видео)

Парламенттин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды.

Жыйында депутат учурда саламаттык сактоо тармагына эл тарабынан нааразычылыктар болуп, ооруканаларда акча алуулар уланып жатканы тууралуу айтылып жатканын белгиледи. Сөзүн улай ал жакында эле Бишкектеги ооруканада каза болгон 2 наристе менен жаш келиндин өлүмү тууралуу маселени көтөрдү.

«Сиз тартипти карабайсызбы! Биринчи тартип болуш керек да.

…Буйрук чыгарып, жер-жерлерде көзөмөлгө албасаңыз, бул сизге жакшылык алып келбейт. Сиз мактоо менен келдиңиз, абдан начар кетип каласыз», — деди депутат.

Депутаттын сөзүнө Алымкадыр Бейшеналиевдин жообу кыска болуп, ал «иштейбиз, тартипти алып келгенге аракет кылабыз», — деди.

Бирок анын жообуна суроо узаткан депутат Өмүрзаков канааттанган жок. Мындан улам вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев министрге кайрылып толук кандуу жооп берүүнү талап кылды.

«Эки сөз менен жооп берип койдуңуз го. Кандай иштерди алып барасыз, эмне кыласыз? Ошолор боюнча бербейсизби», — деди Сыдыгалиев.

Министр Бейшеналиев ооруканалардагы акча алуулар боюнча башкы дарыгерлерге бул көрүнүш уланса, кызматтан алынары тууралуу эскертүү берилгенин белгиледи.

Ал эми эки наристенин жана келиндин өлүмү боюнча Бейшеналиев министрлик тарабынан комиссия түзүлүп, милиция да териштирүү жүргүзүп жатканын айтты.

Андан соң Өмүрзаков министрдин кыска жооп бергенин сындады.

«Мен каза болгон наристелер, жаш келиндер боюнча бир нече көйгөйлүү маселе көтөрсөм, министр эки сөз менен токтотуп койду. Оорукананы сиз көзөмөлдөшүңүз керек. Аны президент карабайт да! Президент анда сизди бул жакка эмнеге койду?! Сиз экинчи жолу иштейм деп келдиңиз! Иштеңиз анда жакшыраак! Адамдар өлүп жатат. Бизге «ооруканада акча алуулар токтобой жатат» деп кайрылышууда. Сиз келгенден баштап кайра күчөп жатат.

Ушуну жакшыраак караңыз. Биз сиди жаман көрүп, жамандап жаткан жерибиз жок. Фактылар менен айтуудабыз. Элдин сөзүн угуп, сизге кайрылып, караңыз, көзөмөлдөңүз, тартипке салыңыз деп жатабыз», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>