Ош шаарында шахмат боюнча сеньорлор арасында Азия чемпионаты өтөтКыргызстанда чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун эрежелери өзгөрдүКыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 10,6 пайызга өстүБишкекте Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн аймагында газ үч күнгө өчүрүлөтКыргызстандын экономикасы 2025-жылы 11,1 пайызга өстү2025-жылы билим берүүгө 76,8 млрд сом бөлүндү
«Манас» аэропортунда быйыл жүргүнчүлөрдүн саны 62%га көбөйдү
21.04.2022 | 17:10
“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому ушул жылдын 3 ай аралыгында 993 миң 65 жүргүнчүнү тейледи. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 62% га көп. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын 380 миң 906 ички каттамдардын жүргүнчүлөр агымын түзсө, эл аралык каттам – 612 миң 159 жүргүнчүлөр агымын түзгөн.
2022-жылдын 1-январынан 31-мартка чейин 9 миң 56 каттам ишке ашырылды. Алардын 5 миң 824 – эл аралык, 3 миң 232 – ички каттамды түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом