«Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайынан бир кишинин сөөгү табылды

«Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайынан бир кишинин сөөгү табылды

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында таксист каза болду деген маалыматка реакция жасады.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 22-февралда Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө «Манас» аэропортуна жакын жердеги автоунаанын салонунан эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалымат боюнча, тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кетишкен. Милиция кызматкерлери барганда унаанын салонунан 1982-жылы туулган А.С.нын жансыз денеси табылып, сөөгүн текшерүү учурунда эч кандай жаракаттар табылган эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери тарабынан унаанын салонун текшерүү учурунда чыккан газдын жыты чыккан. Мындан тышкары, унааны текшерүү учурунда бир жагынан глушителге туташтырылган, экинчиси багаждын ичиндеги ичине бекитилген шланг табылган.

Бул факты Сокулук районунун электрондук журналына катталды.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Буга байланыштуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы таксисттин өлүмү боюнча социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырып, жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>