Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Ысык-Көлдө үч айылдаштын мушташы өлүм менен аяктады
31.05.2022 | 14:59
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 15 жаштагы өспүрүм бала адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg′ге тургундар билдиришти.
Маалым болгондой, окуя ушул жылдын май айында болгон. Жаңжал айылдаштар ортосунда чыккан.
“Өспүрүм шериги менен досун сабап салышкан. Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканага бара жатканда каза болгон. Кылмышка шектүүлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан дароо кармалып, Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген”, – деп билдиришти алар.
Ошондой эле, алар бул боюнча жардам сурап, Акыйкатчы институтуна кайрылууну көздөп жатышат.
Буга чейин Чүй облусунда апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүм камактан бошотулганы маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал