Марипов ГЭСтердеги оңдоо-куруу иштери менен таанышты

Марипов ГЭСтердеги оңдоо-куруу иштери менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токтогул ГЭСиндеги жана Камбар-Ата ГЭС каскадындагы оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ал жеринде тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жетекчилиги энергетикалык объекттердин алдыдагы күз-кыш мезгилине карай белгиленген жүктөмдү көтөрүүгө даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, 4-гидроагрегаттын негизги жабдууларын орнотуу боюнча монтаждоо иштери жүрүп жатат. Бардык энергетикалык объектилерде оңдоо иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө жана жыйынтыктоо алдында турат. Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБине отун жана көмүр жеткирүү маселеси өзгөчө көзөмөлдө.

Марипов керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ГЭСтин жабдууларын калыбына келтирүү жана оңдоо, зарыл жабдууларды Токтогул ГЭСине жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

«Токтогул ГЭСиндеги монтаждоо иштеринин графигинде эч кандай кечигүү болбошу керек. Белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана 4-гидроагрегатты тез арада ишке киргизүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл», – деди ал.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы аймактардагы отун базаларына жана сатуу пункттарына керектүү көлөмдөгү көмүрдү өз убагында жеткирүү, ошондой эле коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын кошумча импорттоо маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>