MegaCom ЖРТдан «алтын сертификат» алган абитуриенттерге бир жылдык акысыз байланыш тартуулайт

MegaCom ЖРТдан «алтын сертификат» алган абитуриенттерге бир жылдык акысыз байланыш тартуулайт

Кыргызстандагы таланттуу балдарды колдоо максатында MegaCom компаниясынын жетекчилиги 2020-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алып, «алтын сертификатка» ээ болгондорду баалуу белектер менен сыйлоону чечти.

«Альфа Телеком» ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангуловдун демилгеси менен ЖРТдан эң мыкты көрсөткүчкө жеткен 53 бүтүрүүчүгө VIP-cувенирлер топтому тапшырылды. Мындан тышкары MegaCоm’дон аларга түйүн ичинде бир жылга чейин акысыз баарлашууга мүмкүнчүлүк түзгөн тастыктамалар ыйгарылды.

Эгерде «Альфа Телеком» ЖАКтан тастыктама алган жаштар жыл сайын окуудагы жогорку жетишкендиктерин көрсөтүшсө MegaCom аларды жогорку окуу жайын аяктаганга чейин байланыш менен камсыздоого даяр.

«Талантуу жана билимдүү жаштар – Кыргызстандын келечеги! Биздин максат – өсүп келе жаткан муунду жаңы жеңиштерге жетишине шыктандыруу. Биз 2020-жылдагы эң алдыңкы бүтүрүүчүлөргө дайыма байланышта жүрүүгө, телефондо баарлашууда чек болбой турган мүмкүнчүлүктү түзүп берип жатканыбызга кубанычтабыз. Жаштарга кыялындагы кесипти ийгиликтүү тандап, окууда көп жетишкендиктерге ээ болушун каалайм. Анткени Кыргызстандын келечеги ушул жагдайлардан да көз каранды», — деп белгиледи «Альфа Телеком» ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангулов.

“Билим – жетишкендиктердин индикатору. Силер жогорку жыйынтыктарга ээ болдуңар, силер үй-бүлөңөрдүн, өлкөнүн, адамзатынын үмүтү болуп саналасыңар”,- деди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров бүтүрүүчүлөргө.

“MegaCom компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Акысыз байланыш менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү – келечектеги кесиптин башатын баштоо, окуп өнүгүү үчүн эң мыкты стимул. MegaCom’дун белеги  өзгөчө актуалдуу, анткени студенттер үчүн жаңы окуу жылы онлайн режимде башталышы мүмкүн экен”. Мындай пикири менен “Альфа Телеком” ЖАКнын жана Билим берүү, илим министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууга таасирленген Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы А.Карымшаков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Самар Канатов бөлүштү.

MegaCom компаниясынан тастыктамаларды тапшыруу аземине Бишкектен 41 бүтүрүүчү жана өлкөнүн түндүгүнөн да бүтүрүүчүлөр келип катышты. Буга чейин ушундай эле белектер расмий азем менен Ош шаарындагы 12 «алтын сертификат» ээлерине тапшырылган.

[su_image_carousel source=»media: 38148,38147,38146,38145,38144,38143,38142″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>