Мектеп окуучусун тоноого шектүү жигиттер кармалды

Мектеп окуучусун тоноого шектүү жигиттер кармалды

Сокулук районунда 14 жаштагы баланы тоноого шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 50 жаштагы Ч.Л аттуу Новопавловка айылынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, 5-октябрда көчөлөрдүн биринен баласынын колундагы телефонун белгисиз адам тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин бирлдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси («Тоноо») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 24 жаштагы Ж.Т. жана И.М., 21 жаштагы Р.Ж. аттуу жигиттер кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда алар Сокулук районунун аймагында дагы 4 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги такталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>