Мектепке чейинки билим берүү тармагында МЖӨ моделдери иштелип чыкты

Мектепке чейинки билим берүү тармагында МЖӨ моделдери иштелип чыкты

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн моделдери иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришти.

Мындай кызматташуу мамлекеттик жана жеке инвесторлордун катышуусу менен бала бакчалардын имараттарынын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жана мектепке чейинки мекемелерди башкарууну жакшыртууга жардам берет.

«Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жана БУУнун мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү Балдар Фондунун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча биргелешкен демилгеси бүткүл республика боюнча бала бакчалардын инфраструктурасын гана эмес, мектепке чейинки мекемелердеги башкарууну  уюштуруу жана башкарууга жеке инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борбору жана Билим берүү министрлигинин, ЮНИСЕФтин колдоосунда ишке ашырылган «Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү» биргелешкен долбоору 2021-жылдан бери ишке ашырылып келет жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу аркылуу билим берүүнүн инфраструктурасын жана сапатын жакшыртууга багытталган.

Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө бала бакчалардын инфраструктурасын куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдик формаларын башкарууну жана уюштурууну камтыган, жеке инвестор менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүү моделдери иштелип чыккан», — деп билдирет аталган борбор.

Бишкекте өткөн маалыма жыйында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов билдиргендей, өнүгүүнүн башка приоритеттүү багыттары менен катар билим берүү тармагы Кыргызстандын «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясында камтылган.

«Саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетика, айыл чарба жана башка көптөгөн тармактарда өз ара аракеттенүүнүн типтүү сунуштарынын долбоорлорун жана моделдерин иштеп чыктык. Жеке инвесторлор үчүн ачык конкурстар аркылуу социалдык-экономикалык объектилерди нөлдөн баштап жакшыртууга жана көп учурда калыбына келтирүүгө жардам бере алышат», — дейт Санжар Болотов.

Мындай долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын ар бир аймагындагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу зарылчылыгынан келип чыгууда.

«ЮНИСЕФ балдардын жашоосун жакшыртуу максатында дүйнө жүзү боюнча иш алып барат. Балдарды эрте жашта өнүктүрүүгө болгон инвестициялар чоң мааниге ээ болуп, сарпталган ар бир доллар жети эсеге көп өлчөмдө кайтарылат. Ал эми социалдык пайдасы – билим берүү жана саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууда болуп саналат. Муну түшүнүп, моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан, мен, мамлекеттик жана жеке сектор уюмдарын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошууга чакырам. Бул – жаркын келечекке, кыргызстандыктардын өсүп келе жаткан муунуна салым деп эсептейм», — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Мектепке чейинки саясат бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатууга көмөктөшөрүн белгиледи:

«Кыргызстандын өкмөтүнүн  токтомуна ылайык Билим берүү жана илим министрлиги жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк Борборуна мектепке чейинки мекемелерди өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өнөктөштүктүн формаларын иштеп чыгуу тапшырылган».

Жыйындын катышуучулары белгилегендей, пилоттук долбоор Чүй районунун Таш Дөбө айылында (мурдагы Воронцовка) 1964-жылы курулуп, 2000-жылдан бери мыйзамсыз жеке менчикте болуп келген бала бакчада ишке ашырылат.

«Биздин 6 айылыбызда 240 миңден ашуун тургунубуз бар. Ошону менен бирге, жакынкы мекемелерде орун жетишсиз болгондуктан ар бир бешинчи бала бакчага барбайт», — дейт Таш-Дөбө айыл аймагынын спикери Алмаз Курманбаев.

Ал белгилегендей, ишкерлердин жана мамлекеттин биргелешкен иши менен өлкодо көптөгөн бала бакчаларды калыбына келтирүүгө шарт түзүлөт. 

«Каражаттын тартыштыгынан улам бир нече жылдан бери бала бакчаны оңдоп, ишке киргизүүгө мүмкүн болбой жатат. 240 балага ылайыкталган имарат бир аз болсо дагы айыл балдарынын билим берүү маселесин чечүүгө жардам берет. Андыктан, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен иштешүүдөн чоң үмүттөбүз. Балким, ишкерлердин жана мамлекеттин катышуусу менен республика боюнча көптөгөн бала бакчаларды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт», — деп кошумчалады Алмаз Курманбаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>