Ысык-Көлдө тоо текени аткан аңчы кармалды — сүрөт

Ысык-Көлдө тоо текени аткан аңчы кармалды — сүрөт

Ысык-Көл облусунда экологиялык милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундан атылган тоо текени табышты. Бул тууралуу облстук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-февралда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери, «Илбирс» коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү егерлер Жети-Өгүз районунун сырт өрөөндөрүндө рейддик иш-чара өткөрүшкөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Ыштык жайлоосунда Кызыл-Суу айылынын 37 жаштагы Т.Б. аттуу тургунунан атылган тоо текеси табылып алынган. Аңчынын жапайы жаныбарды атууга эч кандай уруксат кагаздары болгон эмес.

Аталган факт каттоого алынып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>