“Мен Аселмин”. Мурду-кулагы кесилген аялды колдоо акциясы өтүүдө

“Мен Аселмин”. Мурду-кулагы кесилген аялды колдоо акциясы өтүүдө

Социалдык тармакта “I am Asel”  флешмобу өтүп жатат.

Анда кыз-келиндер мурдун жана кулагын байлап, күйөөсү бычак менен кескилеген Асел Ногойбаевага колдоосун билдирүүдө.

“Өзгөрүүнү өзүңдөн башта! Зомбулукка жол жок! Аселдин жана баардык аялдардын үнү бол! Чогуу биз дүйнөнүн аялдар үчүн коопсуз кыла алабыз!”, — дейт флешмоб катышуучулары.

29-октябрь күнү Novotel Bishkek Center мейманканасында кайрымдуулук кечеси өтөт. Андан түшкөн каражат Асел Ногойбаевага операция жасоого жумшалат.

Эскерте кетсек, Асел Ногойбаева 20-сентябрда ооруканага бычакталып түшкөн. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча катталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Аселдин мурдакы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Шектүү буга чейин Аселди зордуктоого айыпталып кармалган. Бирок аны сот пробацияга бошотуп жиберген. 20-сентябрдагы окуядан кийин анын жазасы өзгөртүлүп, 8 жылга эркинен ажыратылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>