Менделеев олимпиадасында 3 кыргызстандык окуучу медалга ээ болду

Менделеев олимпиадасында 3 кыргызстандык окуучу медалга ээ болду

Химия боюнча эл аралык олимпиада да 3 кыргызстандык окуучу медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык Менделеев олимпиадасы быйыл Венгриянын Будапешт шаарында өткөрүлмөк. Пандемияга байланыштуу олимпиада онлайн форматта өткөрүлүп, ага 20дан ашык өлкөнүн мектеп окуучулары катышкан.

Кыргызстандан да 4 окуучу катышып, Каракол шаарындагы Х. Карасаев атындагы Ысык-Кѳл лицейинин окуучулары медалдарга ээ болушкан.
1. 10-класстын окуучусу Соодонбеков Нурсултан – 2-орун, күмүш.
2. Кубанычбек Камиль — 3-орун, коло.
3. Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мамбетов Камил коло медалына ээ болгон.

Маалымат үчүн: Эл аралык Менделеев олимпиадасы — химия предмети боюнча жылына өтүлүп, КМШ, Балтика, Түштүк Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары катышышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>