Сагынбек Абдрахманов БШКны соттон утуп алды

Сагынбек Абдрахманов БШКны соттон утуп алды

Сагынбек Абдрахманов жетектеген “Кыргызстан социал-демократиялык партиясын” Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо боюнча соттун чечими чыкты. Бул тууралуу “Репортерго” партия лидери өзү билдирди.

Абдрахмановдун анын айтымында, БШК эми Бишкектин административдик сотунун чечимин аткарып, ал жетектеген КСДПны кайра катташы керек.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов аталган партияны катоодон баш тартууга Алмазбек Атамбаев лидер делген КСДП менен болгон соттук териштирүү себеп болгонун айткан.

Бул чечимге макул болбогон Сагынбек Абдрахманов партиясын каттоо чечиминен баш тарткандыгы үчүн у БШКны сотко берген.

Белгилей кестек, 2019-жылдын апрель айында Юстиция министрлиги КСДПнын лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттаган. Муну Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган КСДП рейдерлик деп атаган.

Күзүндө өтө турган  парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 44 саясий партия БШКга өздөрүнүн документтерин жиберген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>