УКМК: Бир жумада 4 мектеп директору кармалды

УКМК: Бир жумада 4 мектеп директору кармалды

Бишкекте окуучуну мектепке кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн бир жуманын ичинде 4 мектеп директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-сентябрда окуучуну башка мектепке которуу үчүн 5 миң сом алган мектеп директору А.Г.Б. (аял киши) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ал акыркы 7 күн ичинде кармалган төртүнчү директор болгон.

УКМК президенттин быйыл 26-майда кол койгон жарлыгына ылайык, мамлекеттик мектептерде ата-энелерден кандай түрдө болбосун акча чогултууга тыюу салынганын жана мектепке керектүү товарлар, буюм-тайымдар мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акчага салынышы керектигин белгиледи.

Ошондой эле, атайын кызмат мектеп жетекчилерин ар кандай коомдук фонддорду түзүү менен мыйзамсыз акча чогултуу жолуна барбоого, болбосо, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкекте 2 мектеп директору (Т.Ч.Д., К.А.Т.) жана Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси кармалганын кабарлаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>