Видео: Милиция укук коргоочу Азиза Абдирасулованы кармап кетти

Видео: Милиция укук коргоочу Азиза Абдирасулованы кармап кетти

Бүгүн, 15-ноябрда Кемпир-Абад маселеси боюнча Ак үйдүн алдына митингге чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, милиция Азиза Абдирасулованы жактоочусу жок наркологияга алып кеткен.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-ноябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбоору карала турганы кабарланган. Ага байланыштуу жарандар менен активисттер Ак үйдүн алдына Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы митингге чыккан. Милиция акциянын катышуучуларына келип, Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө болбой турганын айтып, алар Горький сейил багына кетишти.

Кемпир-Абад маселеси боюнча Бишкекте митинг өтүп жатат

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>