Эмилбек Балтагулов Жалал-Абаддагы филармонияга директор болду

Эмилбек Балтагулов Жалал-Абаддагы филармонияга директор болду

Эмилбек Балтагулов Жалал-Абад облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тиешелүү буйрукка министр Алтынбек Максутов кол койду.

Эмилбек Балтагулов буга чейин Жалал-Абад облусунун Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрынын директору болуп иштеп келген. Жаңы директорду филармониянын эмгек жамаатына министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов тааныштырды.

Эмилбек Балтагулов 1981-жылы 28-сентябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында туулган.

1999-2004- жылдары Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн окуп бүтүргөн.

2004-2007-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу, 2010-2011-жылдары Чаткал районунун Терек-Сай айылынын маданият үйүнүн көркөм жетекчиси болуп иштеген.

2019-жылдын 14-январынан тарта Сузак райондук балдардын билим берүү борборунун «Жаш талант» музыкалык ийриминин жетекчиси кызматында, 2019-жылдын 24-июнунан тартып Жалал-Абад маданият техникумунун директору, 2021-жылдын 28-октябрынан тартып, 2022- жылдын 11-ноябрына чейин Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын директору болуп эмгектенип келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>