Милиция: Чүйдө 5,4 гектар жерди эки жолу сатып салган шектүү кармалды

Милиция: Чүйдө 5,4 гектар жерди эки жолу сатып салган шектүү кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда бир жерди эки жолу сатып алдамчылык кылган деп шектелип 66 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга аял киши М.А. аттуу жарандын үстүнөн арыз жазган. Ал билдиргендей, 2022-жылы декабрда аталган жаран ага Военно-Антоновка айылындагы 5,4 гектар жерди 42 долларга саткан. Бирок кийинчерээк ал жерде дагы бир адамга сатып жиберген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары 66 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу такталууда.

Тергөө уланууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, Сокулуктун ички иштер башкармалыгына же 0312 60-75-67, 03134 5-33-80 номерлери аркылуу нөөмөт бөлүмүнө кабар берүүсүн суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>