ЖЭБдеги кырсыкта жабыркаган жумушчу: Үй-бүлөмдү багайын деп жанталашып эки жумушта иштечүмүн

ЖЭБдеги кырсыкта жабыркаган жумушчу: Үй-бүлөмдү багайын деп жанталашып эки жумушта иштечүмүн

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкектеги ЖЭБдеги жарылууда жана аскердик тик учактын кырсыгынан жабыркап, Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасына дарыланууга жөнөтүлгөн 4 жарандан кабар алды.

Түркияда расмий сапар менен жүргөн Акылбек Жапаров аталган эки кырсыктан жабыркагандар менен баарлашып, аларга тез сакайып кетүүнү каалаган.

ЖЭБдеги жарылуудан жабыркаган жарандардын бири Жапаровго кабар алганы келгенине ыраазычылык билдирип, эч кимге мындай кырсыкка кабылышын каалабай турганын айтты.

“Мен дагы эптеп аракет кылышым керек болуп жатат. Ата-энемдин жалгыз эркек баласымын. Бир уул, бир кызым бар, аялымдын боюнда бар. Үй-бүлөмдү багайын деп жанталашып эки жумушта иштечүмүн. Ата-энем — пенсионер”, — деди ал.

Акылбек Жапаров ага кабатыр болбоо чакырып, үй-бүлөсүн каралаша турганын билдирди.

“Үй-бүлөң тууралуу кабатыр болбо. Мен (Бишкекке – ред.) барганда кабыл алып, аларды карап турам”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 17-январда Бишкектин четинде аскердик тик учак кулаган. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсык тик учак окуу-машыгуу өткөрүп жатканда болгон.

Тик учактын ичинде 11 адам болгон. Алардын ичинен 1 киши каза болуп, 10 адам ооруканага жаткырылган.

Ал эми 2-февралда Бишкектеги ЖЭБде авария болуп, анда 5 адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. ЖЭБдеги кырсыкта жабыркаган 23 жана 34 жаштагы 2 бейтаптын абалы оор экени, алардын биринин денесинин 90%ы, экинчиси 80% күйүк алганы кабарланган.

3-февралда, аскердик тик учактын кырсыгынан жабыркаган 2 бейтап жана ЖЭБдеги жарылуудан жабыркаган 2 адам президенттин учагы менен Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>