Акыйкатчы ЕБдин өкүлчүлүгүнүн элчиси менен жолугушту

Акыйкатчы ЕБдин өкүлчүлүгүнүн элчиси менен жолугушту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Европа биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле, Кыргызстанда адам укуктарынын фундаменталдык баалуулуктарын, демократияны, укуктун үстөмдүгү менен жарандык коомду илгерилетүүгө байланыштуу пикир алышкан.

Жаманбаева Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктар менен адам укуктары жана эркиндиктеринин жогорку стандарттарын чыңдоого кошкон ЕБдин салымын белгилеген.

«Европа биримдигинин өкүлчүлүгү Акыйкатчы институтун Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо маселелери боюнча дайыма колдоп келет. Жалпысынан институттун өнүгүшүнө салым кошкон абдан көп жакшы долбоорлор ишке ашты. Албетте бул аракеттер өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери боюнча жагдайга оң таасирин тийгизди», — деди ал.

Сөзүн улай ал Акыйкатчы институту өлкөдөгү адам укуктарын сактоо боюнча абалды жакшыртуу үчүн бардык чараларды көрүп келе жатканын айтты.

«Негизинен Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери тарабынан демилгеленген. Документ азыр коомдук талкууга чыгарылды», — деди ал.

Акыйкатчы аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин ал милдеттүү түрдө Акыйкатчы институтун «А» макамына аккредитациялоо боюнча маселени демилгелеп чыгарын кошумчалады.

Өз кезегинде Мэрилин Йосефсон ЕБ тараптан Акыйкатчы институтуна зарыл болгон көмөк көрсөтүлөрүнө ишенерин айтты.

«Европа биримдиги Кыргызстандагы акыйкатчынын кеңсесинин ишин жогору баалайт жана анын көз карандысыздыгы менен ролун бекемдөөгө, ошондой эле Париж принциптерине ылайык келген жана Кыргызстанды «А» макамына жеткире турган реформаларды колдоого көмөк берүүнү улантат», — деди Йосефсон.

Жаманбаева Акыйкатчы институту өзүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыкканын жана ага Кыргызстандагы ЕБдин өкүлчүлүгүнүн чоң салымы бар экенин белгилеп өттү.

«Эгерде анык бир мисалдарды келтире турган болсок, биз жакын арада Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбаларын колдонуу менен сөз эркиндигине карата укукка комплекстүү талдоо жүргүзүүнү пландап жатабыз. Негизинен сөз эркиндигине байланышкан иштер боюнча Страсбург сотунун тажырыйбаларын изилдөөнүн жыйынтыгы менен биз анык бир сунуштамаларды, ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыкмакчыбыз. Бул маселеде сиздердин көмөгүңүздөрдү күтөбүз», — деди акыйкатчы.

Тараптар Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктеринин жогорку стандарттары менен демократиялык баалуулуктарды чыңдоо боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы күчтөндүрүүгө макулдашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>