Министр А.Бейшеналиев шыбы ураган Чаткалдагы мектепке барды

21.05.2022 | 12:37

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев окуу учурунда шыбы ураган Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан А.Чымканаев атындагы №18 орто мектепке барды.

Министрдин маалыматына караганда, ал мектепке мугалимдерден жана окуучулардан кабар алуу үчүн барган.

Мектептин биринчи корпусундагы бир кабинеттин шыбы ураган. Окуучулар менен мугалим аман-эсен, эч кимиси оор жаракат алган эмес. Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармактагы жаңылануулар боюнча жеринен кабар бердим. Терек-Сайга сырттагы инвесторлордун жардамы менен жаңы мектеп салынат”, – дейт министр.

Буга чейин маалымдалгандай,  17-майда №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу классынын шыбы урап түшкөн, окуучулар менен мугалим ооруканага жеткирилген болчу.

Scroll to Top