Министрлер кабинети кыскарып, кызматынан кол жууган чиновниктер — тизме

Министрлер кабинети кыскарып, кызматынан кол жууган чиновниктер — тизме

Бүгүн, 3-февралда президент Садыр Жапаров Өкмөттүн бир катар мүчөлөрүн кызматтан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Кызматынан бошотулган чиновниктердин тизмеси:

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Сабиров Равшанбек Азатович вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси — министрдин кызматынан бошотулду;

— Мукашев Кыялбек Белекович Финансы министринин кызматынан бошотулду;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Юстиция министринин кызматынан бошотулду;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Экономика министри кызматынан бошотулду;

— Токтогазиев Тилек Мурсалиевич мурда дайындалган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду;

— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду;

— Солтонбекова Ализа Карыпбековна Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотулду;

— Тердикбаев Эрлис Жекшенович Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жаңы Өкмөттө 12 гана министрлик болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>