“Эрмен жыты” тасмасы Бремен сынагында баш байгени жеңди

“Эрмен жыты” тасмасы Бремен сынагында баш байгени жеңди

12-16-апрель күндөрү Германияда өткөн эл аралык сынакта Бремен кинофестивалынын баш байгесин Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” тасмасы жеңип алды.

Эл аралык “Германиянын премьерасы” сынагына АКШ, Индия, Израил, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 10 тасма катышкан. Фестиваль сегизинчи жолу өтүп жатат.

Эл аралык сынактын мыкты көркөм тасмасынын жеңүүчүсү көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун гибриддик добуш берүү системасы аркылуу аныкталды. Бремен кинофестивалынын «Эрмен жыты» фильми боюнча эл аралык конкурстун бардык катышуучуларынын арасында көрүүчүлөр да, калыстар тобу да эң жогорку бааларды беришти.

Кинофестивалга катышууга режиссер жана сценарист Айбек Дайырбеков менен продюсер Толкун Дайырбекова чакырылган.

Тасма КР Кинематография департаментинин жана “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын колдоосунда  Төлөмүш Океев атындагы “Борбордук Азия фильм” киностудиясы тарабынан тартылган.

Тасма үч өспүрүмдүн күнүмдүк жашоосу тууралуу баяндайт. Балдар турмуштун татаал жолунда чоңдордун катаал чындыгы менен кагышат. Кээ бир ата-энелер балдарын багыш үчүн үй-бүлөсүн таштап, башка өлкөгө кетүүгө аргасыз болсо, кээ бирлери мушташа албай, жөн эле аракеч болуп калышат. Балдар гана кыялданып, ата-энесинин бактысын тилей алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>