Ысык-Көлдө мас абалда кайгуулчулардын унаасын сүзгөн подполковник кызматтан алынды

Ысык-Көлдө мас абалда кайгуулчулардын унаасын сүзгөн подполковник кызматтан алынды

Ысык-Көл облусунда Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкеринин катышуусунда болгон жол кырсык боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу ЖАКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-июль күнү саат 07:30дар чамасында №26 мекеменин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги М.С.Т. мас абалында “Киа Рио” үлгүсүндөгү унааны Балыкчы шаарынын 75-чакырымында айдап бараткан.

Чолпон-Ата шаарынын чыгыш тарабынан каршы тилкеге чыгып, ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлеринин токтоп турган унаалары менен кагышып, жол кырсыкка кабылган.

“Киа Рио” унаасында айдоочудан тышкары ЖАКтын №26 мекемесинин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы, майор И.Э.И. болгон.  Бул факты боюнча Ысык-Көл РИИБ тарабынан Кылмыш-процессуалдык мыйзамдарынын чегинде чечим чыгарылат.

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө жазык-аткаруу тутумунун эки кызматкери тең Ысык-Көл облусунда иш убактысынан тышкаркы жерде болушкандыгы аныкталып, ошондой эле алар ЖАКтын бир катар ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларын бузгандыгын белгилей кетүү керек.

“Жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча, подполковникТ.М.С., майор И.Э.И. ЖАКтын төрагасы, милициянын генерал-майору А.Эгембердиевдин буйругу менен алар Жазык-аткаруу тутумунун органдарындагы жана мекемелериндеги кызматынан бошотулуп, алардын түздөн-түз жетекчиси №26 мекеменин начальниги,  майор Р.Рымбеков да дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, сөгүш жарыяланды”,  -деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>