Мирзиёевдин Москвага белгиленген иш сапары июнга жылдырылды. Себеби эмне

Мирзиёевдин Москвага белгиленген иш сапары июнга жылдырылды. Себеби эмне

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Москвага белгиленген февралдагы иш сапары июнь айына жылдырылды. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ильхом Нематов билдирди.

Былтыр декабрда Мирзиёев Москвага 2020-жылы 5-февралда бара тургандыгы кабарланган.

Нематов президенттин сапарынын жылдырылышын «мындай жогорку даражалуу сапарга жакшыраак даярдык көрүү зарылдыгы» менен түшүндүрдү.

«Сапардын алкагында аймактар аралык, билим берүү жана медиа форумдарды өткөрүү, ошондой эле ВДНХда «Өзбекстан» павильонун ачуу пландалууда», — деп билдирди Нематов.

Медиада жана социалдык тармактарда «Мирзиёев Москвага баргандан кийин Өзбекстан Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушу ыктымал» деп болжолдонуп жаткан.

Шавкат Мирзиёев Ташкент бул уюмга кошулбай турганын, бирок байкоочу макамын алышы мүмкүн экенин билдирген. Москва альянска мүчө болуу алгач байкоочулук макам менен башталарын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>