Депутат чек арада ок жеген аскерге Бишкектен батир берүүнү суранды

Депутат чек арада ок жеген аскерге Бишкектен батир берүүнү суранды

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев 16-сентябрдагы Баткендеги чек ара жаңжалында жаракат алган аскер кызматкери Максат уулу Белек жардамга муктаж экенин айтты.

Анын айтымында, учурда ал борбор калаадагы ооруканада дарыланууда.

“Ал Баткен району менен Тажикстандын Исафара району чектешкен жерде орун алган Капчыгай  “Капчыгай” заставасында октон жаракат алган. Ок анын оң жамбашынан кирип, курсагынан чыккан. Анын ички органдары жабыркаган. Ага алгачкы медициналык жардам бир суткадан кийин көрсөтүлгөн. Раззаков шаарында биринчи операция жасалган, андан кийин борборго алынып келген. Мен өзүм көрүп келдим. Ал дагы операция жасатууга муктаж экен. Баатырыбыздын ден-соолугу жана келечеги жакындарын эле эмес, баарыбызды кабатырлантууда. Андыктан ага мамлекет тарабынан көңүл буруп, Бишкек шаарынан батир берүүнү сунуштайм”, – деди Мейкинбек Абдалиев.

Депутаттын айтымында, Белек 19 жашта. Үй-бүлөдө жети бир тууган. Апасы пенсионер. Эки жыл мурун мектепти аяктап, аскердик кызмат өтөп жаткан.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50гө жакын аскер кызматкери курман болуп, 200дөн ашык адам ар кандай жаракаттарды алган. Учурда чек арада абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>