«Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» жаңы сайты ишке кирди

«Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» жаңы сайты ишке кирди

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын www.nesk.kg жаңы расмий сайты, ошондой эле, электр тармактар ишканаларынын– компаниянын филиалдарынын расмий сайттары ишке кирди. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

➢ Бишкек электр тармактар ишканасы — http://bipes.nesk.kg
➢ Баткен электр тармактар ишканасы — http://bpes.nesk.kg
➢ Жалал-Абад электр тармактар ишканасы — http://jpes.nesk.kg
➢ Ысык-Көл электр тармактар ишканасы — http://ipes.nesk.kg
➢ Нарын электр тармактар ишканасы- http://npes.nesk.kg
➢ Ош электр тармактар ишканасы — http://oshpes.nesk.kg
➢ Талас электр тармактар ишканасы — http://tpes.nesk.kg
➢ Чүй электр тармактар ишканасы — http://chupes.nesk.kg

Бул сайттардын баары кыргыз жана орус тилдеринде иштейт.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын жаңы сайтында «Компания жөнүндө», «Акционерлер жана инвесторлор», «Абоненттер», «Ченемдик-укуктук база», «Пресс-борбор», «Сатып алуулар», «Байланыштар» аталыштагы тиешелүү бөлүмдөр боюнча маалыматтар камтылган.

Сайттын башкы бетинде «Абоненттин балансы», «Калькулятор», «Мой свет» мобилдик тиркемесинин QR-коддору», «Тарифтер», «Өчүрүүлөр жөнүндө маалымат», «Суроо-жооп» сыяктуу электрондук кызматтар орнотулган.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын бирдиктүү сайтынан бир басуу менен аймактык электр тармактар ишканаларынын сайттарына өтүү каралган, бул абоненттерге жашаган жерине жараша маалымат алууга мүмкүндүк берет.

«Белгилей кетсек, электр тармактар ишканаларынын сайттарынын мазмуну толук толтурулганга чейин бир ай тесттик режимде иштейт, бирок негизги функциялар, кызматтар жана бөлүмдөр иштеп баштады. Сайтты иштеп чыгууда компаниянын адистери абоненттердин жана сайттын колдонуучуларынын бардык каалоолорун эске алууга аракет кылышкан. Келечекте веб-ресурс жакшыртылып, мобилдик версиясы жана кошумча электрондук кызматтар пайда болот», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялар – «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектр» ААК жана «Жалалабадэлектр» ААК «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасына бириктирилген, алардын веб-сайттары учурда жабылган же иштебейт, бирок жаңы иштелип чыккан электр тармактар ишканаларынын сайттарына өтүү функциясы орнотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>