Медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жумушка орношо албай жатат — депутатЭми адал-индустрия чөйрөсүндөгү эреже бузуулар үчүн айып пулдар салынатӨзбекстанда этникалык кыргыздарга айып пул салынып, каттоого алынбай жатат — депутатШубин мектебиндеги жаңжал. Директордун ата-энелердин бирине карата кылмыш ишин козгоо өтүнүчү четке кагылды«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылдыДепутат министрлер кабинетинен 797 мечитти мыйзамдаштырууну суранды
Мурдагы бажы башчысы тил кат менен абактан бошотулду
02.01.2020 | 11:33
Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку башчысы Адамкул Жунусов эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду. Бул тууралуу өздүк булактарга таянып “Тазабек” басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, мындай чечимди 2019-жылдын 30-декабрында Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алган.
Адамкул Жунусов 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматын жетектеген.
Ушул жылдары ал аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштуруп, “өлкө казынасына чоң суммада зыян келтирген” деп айыпталып келет.
Финансы полициясы Адамкул Жунусовго 2018-жылдын август айынын соңунда издөө жарыялаган. Ал 2018-жылдын 28-декабрында Баку шаырнан кармалып, өлкөгө алынып келинген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар