Мурдагы министр менен туугандарына козголгон иш сотко өттү

Мурдагы министр менен туугандарына козголгон иш сотко өттү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы башчысы Динара Кутманова, анын уулу Кемелбек Кутманов жана башка адамдарга козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Кармалгандарга «коррупция» беренеси боюнча айып тагылууда.

Аталган иш боюнча алдын ала соттук угуу 14-февралда болуп, соттук процесс 26-февралга саат 14:00го белгиленген. Бирок алгачкы отурумда чыккан чечимге карата Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазылган. Ага байланыштуу иш шаардык сотко жөнөтүлөт. Материалдар шаардык соттон келгенден кийин иш райондук сотто карала баштайт.

Эскерте кетсек, 2023-жылы «Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы» коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече адам, анын ичинде Динара Кутманованын сиңдиси кармалганы, уулу Кемелбек Кутманов издөөгө алынганы кабарланган.

Кийинчерээк Кутманова уулу Түркияда уурдалганын, уурдаган адамдар акча сурап жатканын, бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирген. Бирок ИИМ Кутманованын сөздөрүн төгүндөгөн. Ошондой эле, Кемелбек Кутманов Түркиядан жакынкы мезгилде депортацияланып келерин билдирген.

25-июлда УКМК экс-министр Динара Кутманова кармалганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>