Мас айдоочулар күбөлүктөн ажырайт. Мыйзам долбоор талкууда

Мас айдоочулар күбөлүктөн ажырайт. Мыйзам долбоор талкууда

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйынында «Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Отурумда депутат Эмил Токтошев мыйзам долбоорунда айып пулдарга байланыштуу кандай өзгөртүүлөр кирип жатканын сурады.

Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов жооп берип, айрым өзгөрүүлөр тууралуу айтты.

«Айрым беренелерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мас абалында унаа айдагандар боюнча айып пул такыр алынууда. Анын ордуна айдооучулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Азыркы кодексте айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу деген жок. Мисалы, айдоочу мас абалында кармалса, бир жылга күбөлүгүнөн ажырайт. Мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра мас абалында кармалса, анда үч жылга ажыратылат», — деди ал.

Ошондой эле, ал айрым жол эреже бузуулар боюнча айып пулдун өлчөмү көбөйтүлөрүн белгиледи.

«Мисалы, ылдамдыкты (белгиленген ылдамдыктан, мисалы, 60 чакырым деген жерден 101 чакырым менен айдаса — ред.) 40 чакырымдан 60 чакырымга чейин ашырса, 7,5 миң сом болду. Ал эми 60тан ашырса, 15 миң сом төлөнөт. Карама-каршы тилкеге чыгууга 15 миң сом болот. Ошол эле учурда, одоно жол эреже бузуулар кайталанган учурда, айдоочу кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөт. Аны менен бирге, 70%дык жеңилдик мурда 15 күн ичинде берилсе, азыр аны бир айга көбөйүп жатабыз», — деди ал.

Азамат Исраилов автобейбаштык кылган айдоочуларга айып пул азыр 7,5 миң сом болсо, алдыда 15 миң сомду түзөрүн белгиледи.

Талкуудан кийин аталган мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Күбөлүктөн ажыратуу тууралуу айрым нормалардын тизмеси.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>