Японияда кыргыз продукцияларын саткан «Ала-Тоо» дүкөнү ачылды

Японияда кыргыз продукцияларын саткан «Ала-Тоо» дүкөнү ачылды

Япониялык ишкер Масуда Эйдзиро Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен Токиодо «Ала-Тоо» соода түйүндөрүн ачып, анда кыргыз өндүрүшүнүн товарлары сатылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Ачылыш аземинде Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев эки өлкөнүн ишкерлеринин аракети жана Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык продукциянын жогорку сапаты аркасында алар буга чейин Япония рыногунда өз ордун ээлеп алышканын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Анын айтымында, 2021-жылы ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет өлкөлөргө жылдыруу алкагында Японияга 25 миллион 390 миң сомго 43,4 тонна бал экспорттолгон. 2018-жылы 8,3 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2020-жылы 15,7 тонна жеткирилген.

«Кыргызстанда жасалган бал, бадам, кийизден жасалган буюмдар Amazon жана Rakuten электрондук коммерция сайттарында кеңири көрсөтүлөт. Бал Ниссин, Калди, Сейжоиши супермаркеттеринде да көрсөтүлөт. Блогерлерди, Ютуберлерди жана белгилүү сүрөтчүлөрдү тартуу аркылуу балдын популярдуулугу боюнча активдүү кампания жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын балы тууралуу жапон тилиндеги көп сандагы видеолор тартылып, Youtube’да бар. Сюжеттер телекөрсөтүү жана ЖМКлар үчүн үзгүлтүксүз тартылып турат», — деп билдирет агенттик.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>