Мүлкүн ачыктагандар жоопко тартылбайт. Мыйзам долбоор колдоо тапты

Мүлкүн ачыктагандар жоопко тартылбайт. Мыйзам долбоор колдоо тапты

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет төрагасы Данияр Төлөнөв белгилегендей, бул мыйзам долбоорлору активдерди декларациялоо учуруна карата жеке жактарга таандык болгон, анын ичинде башка жактарга номиналдуу таризделген же Кыргызстандан чегинен сыртта жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен мүлктү жана кирешелерди легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу максатында иштелип чыккан.

Андан тышкары жыйында ушул эле багыттагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү (Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине)” мыйзамдын долбоору каралды. Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, үч окууда кабыл алынды.

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоору күчүнө киргенде активдерин ачыктаган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Буга чейин экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов аталган мыйзам долбооруна ылайык, 100 млн сом же андан ашык мүлкүн ачыктаган жарандан 1 млн сом төлөм алынарын айткан.

Эскерте кетсек, 2022-жылы аталган мыйзам долбооруна добуш берүү убактылуу жылдырылган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>