Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси үйүндө тинтүү жүргөнү боюнча айтты (видео)

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси үйүндө тинтүү жүргөнү боюнча айтты (видео)

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Туризмди өнүктүрүү фондундагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин талкуулап жатышат.

Жыйында аталган фонддун жетекчиси Елена Калашникова кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билгенин билдирди. Анын айтымында, ага эч кандай айып коюлган эмес.

Депутат Исхак Масалиев прокуратура тарабынан пландуу текшерүү жүргүзүлгөнү боюнча сурады.

«УКМКнын өкүлдөрү бизге келишти. Тинтүү иштери кеңседе, мен жокто менин үйүмдө жана кызматкерлеримде жүргүзүлдү. Себеби айтылган жок», — деди Елена Калашникова.

Буга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков фонддун иш бөлмөсүндө жана анын жетекчиси Елена Калашникованын үйүндө тинтүү иш-аракеттерди жүргүзүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген. Текшерүүдө туристтер үчүн эс алуу борборлорун куруу долбоору табылган.

Эске салсак, Туризмди өнүктүрүү фондунун кеңсеси жана башкармалыктын жетекчисинин үйү тинтүүгө алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети туристтер үчүн эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>