Мырзакматов менен Медетбеков бирикти

Мырзакматов менен Медетбеков бирикти

“Улуттар Биримдиги” менен “Кыргызстандын Элдик демократиялык партиясы”  парламенттик шайлоого чогуу барат. Бул туурасында «Улуттар Биримдиги» партиясынын фейсбуктагы баракчасына жар салды.

Маалыматга караганда, Кыргызстандын өнүгүшүнө биргелешип салым кошуу үчүн болгон аракеттерин бириктирүүнү көздөшүүдө. Мындан тышкары, көптөгөн маселелер боюнча көз караштардын жалпылыгы, өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүү да эки партиянын биригүүсүнө себеп болгон.

Шайлоо 28-ноябрда болот. Буга чейин да аталган партия “Мекен сакчысы” коомдук бирикемеси менен бириккен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>