Нариман Түлеев 11 батирин мамлекетке өткөрүп бергени жатат

Нариман Түлеев 11 батирин мамлекетке өткөрүп бергени жатат

Нариман Түлеев 11 батирин мамлекетке өткөрүп бергени жатат. Бул туурасында Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Президент Садыр Жапаров билдирди.

“Учурда Нариман Түлеев 11 батирин мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бергени жатат. Буга чейин да мен да бир үйүмдү өткөрүп берип, атайын акция баштадык эле, анткени, ал үйдү сатса 4-5 үй сатып берсе болот экен. Аны мугалимдер менен дарыгерлер алат дагы, 20-25 жылга ипотекалык насыя аркылуу төлөп берет. Бул деген 20 миң сом айлык алган жарандын 7-8 миң сомун төлөп үйлүү болот деген сөз” – деди Жапаров.

Муну менен катар  быйыл мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын 5 жарым млрд. сомго көтөрдүк, жаңы жылдан кийин дагы 5 жарым млрд. сом  бюджеттен накталай акча бөлүнөөрүн шардана кылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>