Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Жапаров: Айрым учурда ажатканага барганга убакыт болбой калат
23.10.2021 | 16:18
Айрым учурда ажатканага барганга убакыт болбой калат. Туур түшүнгүлө айтууга туура келди деди Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн пресс-конференцияда журналист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча суроо берди эле ага жооп берип жатып билдирди.
“Сиздер мени тигини-муну камагыла деп буйрук берип коюп эле отурат окшойт деп жатсаңыздар керек. Кечирип койгула, айрым учурда, ажатканага барганга убакыт болбой калат. Айтышка туура келип жатат. Ооба, Орозайым Нарматова менде иштеген. Чүкөдөй кыздын сындаганына эрегишет белем. Өзүңүздөр деле анализ жасап ойлоп көрсөңүздөр эми. Мен баламды бырчылдата тебелеп кеткен кишини деле кечирип койгом. Нарматованы чыгаргыла деп ИИМден өзүм сурангам” –деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат