Борбордук шайлоо комиссиясы Айгүл Айдаровага депутаттык мандат тапшырды. Мындай чечим бүгүн, 25-январда БШКнын жыйынында кабыл алынды.
Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча талапкерлигин койгон. Ал БШКнын чечими менен мандатынан ажыратылган Орозайым Нарматованын ордуна парламентке келди.
Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болушу мүмкүн. Ал жөнүндө эмне белгилүү?